Гонконгдун Чимсачёй аттуу туристтик аймагында курулуп жаткан 42 кабаттуу асман тиреген имарат өрттөнүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттөн эки адам жабыркап, алар ооруканага жаткырылган. Өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до башталган, жалын курулуштарды каптаган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин өрт "26 Nathan Road" соода комплексине өткөн, бирок өрт өчүрүүчүлөр аны тез арада өчүрө алышкан.
Асман тиреген имаратты Empire Group компаниясы куруп жаткан. Имаратта 500 бөлмөлүү мейманкана жана машыгуучу жай куруу пландалган.