Нурланбек Шакиев АКШнын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Шакиев Кыргызстан АКШ менен өз ара ишенимге негизделген конструктивдүү алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, анын ичинен парламенттер аралык байланышты чыңдоо зарылчылыгына токтолду. Андан тышкары соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери көтөрүлүп, аталган багыттагы алаканын деңгээли канааттандырарлык эмес экендигин кошумчалады.

Нурланбек Шакиев Американын компанияларын Кыргызстандын инвестициялык, экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып кетүүгө чакырды. Ошондой эле Америкага виза алуу шарттарын жеңилдетүү менен анын колдонуу мөөнөтүн узартуу сунушун берди.

Өз кезегинде Лесли Вигери дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында эки өлкөнүн алакасын арттырууга басым жасаарын айтып, анын ичинен экономика, айлана-чөйрөнү коргоо жана билим берүү жаатында иш алып барарын билдирди. Мындан сырткары, креативдүү, санариптик жана жашыл экономика багыттары да артыкчылыкка ээ экенин кошумчалап, жолугушууда айтылган бардык сунуштар караларын кошумчалады.

Айрыкча виза маселесине кеңири токтолгон элчи жакында эле виза алууга кетүүчү убакытты 2 жылдан 60 күнгө кыскартуу чечими кабыл алынганын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан