Кадамжайда 2 жашар кызын сабаган келиндин иши сотко өттү

Кадамжайда эки жашар кызын аёосуз сабаган келинге козголгон иш боюнча соттук кароо башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 3-мартта Баткен облустук сотунун маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, соттук кароо 2-мартта башталып, 6-мартка жылдырылган. Келиндин бөгөт чарасы 16-февралда Кадамжай райондук сотунда каралып, соттук териштирүү бүткөнгө чейин үй камагына чыгарылганы айтылды.

Эске салсак, 30-январда социалдык тармактарда энеси баласын сабап жаткан видео тарап, бул окуя көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы келинге карата кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кийинчерээк аял баласын күйөөсүнө таарынганынан улам сабап, уруп жаткандагы видеосун жолдошуна жөнөткөндүгү белгилүү болгон. Андан соң, мындан 4 ай мурун келиндин атасы жана бир тууган иниси Тажикстандын кол салуусунан каза болуп, апасы башынан катуу жаракат алганы маалым болгон.

1-февралда аталган аялды сот бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
yudau
2023-03-03 21:59:00
ошого жараша жазаланышы керек....
0
jam77
2023-03-04 09:34:00
абдан адамкерчиликсиз....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан