Баткен облусунун Кадамжай районунда 2 жаштагы наристени сабаган аялдын атасы жана иниси 2022-жылдын сентябрь айында Тажикстан менен болгон кагылышууда каза болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына келиндин таякеси Мавлянжан Айдаров билдирди.
Мавлянжан Айдаровдун айтымында наристени урган келин депрессияда жүргөн.
"Мындан 4 ай мурун Тажикстан менен болгон кагылышууда жээнимдин (ред. наристени урган келин) атасы жана бир тууган иниси каза болгон. Ошондой эле апасы башынан жаракат алган. Ошондон бери жээним депрессияда болуп, түнү чочуп ойгонуп, атасы менен сүйлөшө берчү. Бул кызга психологиялык жардам керек эле, эмнеге минтип жазалап жатышат?", - деди Айдаров.
Ошондой эле Мавлянжан Айдаров күйөө баласына арызыңды ал деп барганын, бирок ал үйүнөн чыкпай койгонун кошумчалады.
"Бардык эле эне баланы ошентип тарбиялайт да. Балдары чалып алып "Бизди качан алып кетесиңер?" деп ыйлап жатат. Эркек башым менен өзүм шолоктоп ыйладым. Күйөө балама арызыңды кайра ал деп айтайын деп барсам үйүнөн чыкпай койду", - деп кошумчалады ал.