Болгарияда өтүп жаткан эл аралык турнирде Акжол Махмудов да жеңишке жетишти.
Белгилүү болгондой, ал 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Финалда армян балбаны Малхас Амоян менен кез келип, беттеш 1:1 эсеби менен аяктады. Регламентке ылайык, жеңиш акыркы упайга ээ болгонго берилет. Ал Махмудов болгон.
Dan Kolov - Nikola турниринде буга чейин Жоламан Шаршенбеков да алтын медаль уткан болчу.
Эскерте кетсек, София шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеш 2-мартта башталган. Ал эми 6-март күнү жыйынтыкталат.