Популярдуу өзбек блогери 27 жашында каза болду

Ташкент шаарында кечээ, 5-март күнү таанымал өзбек блогери, Mittivine тамашалуу долбоорунун негиздөөчүсү Фарход Маннопов каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Фарход Маннопов мындан бир нече күн мурун бассейнде сүзүп жүрүп башы менен катуу урунган. Андан кийин ал Ташкенттеги жеке клиникалардын бирине операция жасатуу үчүн барган. Операциядагы наркоздон кийин ал комага түшүп, андан кийин эсине келген эмес.

Бул факты боюнча Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.

27 жаштагы Фарход Маннопов ар кандай күнүмдүк темадагы кыска тамашалуу видеолорду тартчу. Анын Instagram баракчасында 1 миллион 200 миңден ашуун катталуучусу бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан