Билим берүү жана илим министри болуп Каныбек Иманалиев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде Иманалиев Каныбек Капашович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, билим берүү жана илим министри болуп дайындалды", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 1-мартта Жогорку Кеңеш Иманалиевди билим берүү министри кылып дайындоого макулдугун беришкен.