Токтогул районунда дарыгерлердин шалаакылыгынан наристе колунан ажырады. Бул тууралуу журналист Баяна Кулова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Жаңы төрөлгөн наристеге укол сала албай сыртына кетирип коюшуп, кайра кармап олтуруп алышып, акыры болбой калганда Бишкекке алып келишиптир. Жалдагы балдар ооруканасынын дарыгерлери урушуп, аргасыз бөбөктүн колун кесишиптир", - деп жазган ал.
Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кайрылганыбызда учурда аталган маселе министрдин көзөмөлүндө экенин маалымдашты.
"Саламаттык сактоо министрлиги аталган маселе боюнча кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Аталган маселе министрдин көзөмөлүндө. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти мекемеден.