Билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин өмүр баяны

Билим берүү жана илим министри болуп Каныбек Иманалиев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 6-мартта өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Жаңы дайындалган министрдин өмүр баяны:

Каныбек Иманалиев 1969-жылы 11-майда Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыңды айылында туулган.

Билими:

  • 1993-жылы – Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
  • 1998-жылы – Орусия Федерациясынын президентинин алдындагы Орусия мамлекеттик кызмат академиясы, квалификациялык адис – саясат таануучу, “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.
  • 2000-жылы – Япониянын Саппоро шаары, “Өндүрүштү башкаруу боюнча менеджмент” адистиги, квалификация жогорулатуу.

Илимий даражасы: Саясат таануу илимдеринин доктору

  • 2002-жылы – Орусия Федерациясынын президентинин алдындагы Орусия мамлекеттик кызмат академиясы, саясий илимдердин кандидаты илимий даражасын алган.
  • 2010-жылы – Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияда кандидаттык диссертациясын коргогон.

Эмгек тажрыйбасы:

  • 1992-1994 – жылдары – “Асаба” эркин гезитинде корреспондент.
  • 1994–1996-жылдары – Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматынын референти.
  • 1996-жылдын январы – Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси.
  • 1996-жылдын июлу – Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы.
  • 1999-2005-жылдары – “Учкун” АКсынын президенти.
  • 2000-2005-жылдары – Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты.
  • 2008-2009-жылдары – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын окутуучусу.
  • 2009-2010-жылдары – Кыргыз -Орус славян университетинин эл аралык байланыш боюнча проректору.
  • 2010-2015-жылдары – Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты, 2012-жылдан тарта эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы.
  • 2015-2021-жылдары – Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты, эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.

Класстык чени: Мамлекеттик жарандык кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Чыгармалары:

  • «Алтын көлдүн ак куусу», повести;
  • «Арзуу ыры», ырлар жыйнагы;
  • «Жоогазын ыры» («Тюльпаны пустыни»), повести;
  • 2009-жылы - «Каганат «Сорок посланий из глубины веков»;
  • 2019-жылы - «Каганат» Лондон шаары, англис тилинде;
  • «Кыргыздар», 10 томдугу;
  • 2007-2014-жылдары - «Кыргызские притчи»;
  • «Кыргызстан (Слово о Родине)» китеби;
  • орус, англис, немис, кытай, араб, азербайжан жана түрк тилдеринде басылган;
  • 2010-2016-жылдары «Саякбай» («Баллада о гение»);
  • «Сагынбай»
  • «Тагай бий» повести 2011-жылы, 2015-жылы II басылышы.
  • 2013-жылы - «Шабдан Баатыр» тарыхый роман;
  • 2009-жылы - Кыргызстан: улуттук жол (өзүн-өзү таанууну издөө);
  • 2008-жылы - Ааламдашуу шартында коомдун саясий консолидациясынын фактору катары улуттук идея (Орусия менен Кыргызстандын мисалында);
  • 30га жакын илимий макалалардын автору.

Сыйлыктары жана наамдары:

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер;
  • 2003-жылы - КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын “Достук багы” алтын медалы, Шериктештик өлкөлөрүнүн маалыматтык мейкиндигин түзүүгө кошкон салымы үчүн;
  • 2009-жылы - КМШга мүчө мамлекеттердин VI Эл аралык “Китеп искусствосу” сынагынын “Наш современник” номинациясы боюнча I даражадагы диплом, “Содружество” ордени;
  • 2019-жылы - Заманбап маданий мейкиндикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Евразия эл аралык сыйлыгы” алтын сыйлыгы.

Кыргыз, орус тилинде сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Батя брат
2023-03-06 18:42:00
2020-2021жылдары крокодил чарбасында эмгектенген!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан