Кыялбек Акматов билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.
"Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, Акматов Кыялбек Камутович 6-марттан тарта билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.
Кыялбек Акматов 1983-жылы 29-мартта Оштун Кара-Суу районуна караштуу Садырбай айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн артыкчылык менен аяктаган.
Ал педагогика илимдеринин доктору жана педагогика боюнча бир катар эмгектердин автору.