Ак-Ордодо үй сүрдүрүлгөн жерге барып ызы-чуу кылган депутат камакка алынды

Чүй облусунун Сокулук районунда жергиликтүү кеңештин депутаты камакка алынды. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-мартта Новопавловка айылынын Ак-Ордо-3 конушунда Ш.М. аттуу жарандын үйү сүрдүрүлгөнү боюнча жергиликтүү жашоочулар нааразычылык билдирип чогулушкан.

"Анда Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты, буга чейин Ак-Ордо жаңы конушунун Е, Ж кварталынын башчысы болуп иштеген 38 жаштагы К.Т. аттуу жаран келип коомдук тартипти одоно бузуп, жарандарды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, алардын тынчтыгын бузган.

Натыйжада чогулган эл эки жаатка бөлүнүп, алардын ортосунда жаңжал чыгып коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан Сокулук РИИБинин кызматкерлери эки тараптуу жаңжалдын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Андан соң нааразы болгон эл тарап кетишкен.

Элди экиге бөлүп, коомдук тартипти одоно бузуп, эл арасында уруш чыгарган Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты К.Т. Сокулук РИИБине жеткирилген. Ага өлкөнүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен протокол түзүлүп, Сокулук райондук сотуна жеткизилген", - деп айтылат маалыматта.

Сокулук райондук соту тарабынан К.Т. аттуу жаранга 5 суткага камакка алуу чечими чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан