Социалдык тармактарда сабак учурунда түз эфирге чыккан окуучулардын видеосу тарады.
Видеодо көрүнгөндөй окуучулардын бири сабак учурунда түз эфирге чыккан. Анда окуучулар мугалимге баш ийбей, столдун үстүнө бутун коюп отуруп алган.
Мугалим анын түз отуруусун талап кылганда ал этибарга алган жок.
Ошондой эле видеонун автору сабак башталгандан кийин келген окуучуларды "Зектер келди" деп айткан.
Өз кезегинде Билим берүү министрлиги бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
Эскертүү: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.