Социалдык тармактарда сабак учурунда түз эфирге чыккан окуучулардын видеосу Бишкек шаарындагы №91 мектеп-гимназиясында тартылган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев аталган мектепке барып, мугалим жана окуучулар менен жолукту. Окуучу жосунсуз жоругу үчүн мугалиминен жана мектеп жааматынан кечирим сурады.
Министрлик тарабынан 2-3 күндүн ичинде аталган мектептин окуучуларына ачык сабактар өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, видеодо окуучулардын бири сабак учурунда түз эфирге чыккан. Анда окуучулар мугалимге баш ийбей, столдун үстүнө бутун коюп отуруп алган.