Президент Сокулук районунун акимин кызматтан алды

Курбанбек Айтибаев Чүй облусунун Сокулук районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими ээлеген кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ өткөн жер мунапысы мыйзамынын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешмеде канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан аларын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан