Мурадин Тешебаев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Тешебаев Мурадин Жолдошович Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 4-мартта бир катар жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана шаар мэрлерине сөгүш жарыяланып, айрым жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулган.
Анда өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндүгүнө, функционалдык милдеттерди аткаруунун деңгээлинин жетишсиздигине байланыштуу Аламүдүн районунун акими Бактибек Анаркуловду да кызматтан алган болчу.