Бүгүн, 8-март күнү борбор калаада аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш болуп өттү. Жүрүштүн катышуучулары сот адилеттигинин сакталышын камсыз кылуу, сөз эркиндигине болгон басымды токтотуу, аялдардын билим алуусуна шарт түзүү жана аларды жумуш орду менен камсыз кылуу сыяктуу ондогон талаптарды коюшту.
Бул акция "Бишкек феминисттик демилгелери" уюму тарабынан уюштурулду. Ага жеке ишкерлер, активисттер жана студенттер катышты. Алар аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы пикирлерин билдирген плакаттарды көтөрүп чыгышты. Анда "Кызды кырк үйдөн колдоо", "Кыздын орду ак үйдө", "Гүлдүн ордунда эркиндик", "Сексизмге жол жок!" жана "Эркин кыз. Эркин Кыргызстан" деген жазуулар бар.