Бишкектеги жөө жүрүштө милиция талапка баш ийбеген жаранды кармап кетти

Бүгүн, 8-март күнү Бишкекте болуп өткөн аялдар укугу үчүн тилектештик жүрүшүндө анын катышуучуларынын бирин милиция кармап кеткендиги айтылган.

SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн ал 1983-жылы туулган К.О аттуу жаран экендигин, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) негизинде протокол түзүлгөнүн кабарлашты.

"Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген К.О. аттуу жаран милицияга жеткирилди. Чогултулган материалдар чечим чыгаруу үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлөт", - деп билдирди мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан