"Күндөн коргоочу бет майды туура тандоо керек". Жазында бетке кам көрүү боюнча косметологдон кеңеш

Жаз келгени айрымдардын беттери кургап, түлөп, кызыл бүртүкчөлөр чыгып, сепкил түшөт, кээ бирөөлөрдүн мурдунун үстүндө кара тактар пайда болуп, ачуу күндүн нуру бетти тез күйгүзүп ыңгайсыздык жаратат. Кантип туура кам көрүү керек? Ушул жана башка суроолорго косметолог Гүлжан Шерипова жооп берет.

- Жаздын келиши менен так түшүү, беттин кургоосу сыяктуу көйгөйлөр башталат. Косметолог катары муну кандайча түшүндүрүп берет элеңиз?

- Күндүн жылышы менен бетке өзгөчө кам көрүү зарылчылыгы пайда болот. Анткени күндүн нуру жазында жана жайында териге ачуу тийип, зыянын тийгизет. Андыктан, дайыма бетти жаба турган баш кийимдерди кийип жүрүү сунушталат. Мындан сырткары күндөн коргоочу бет майларды сөзсүз колдонуу керек. Жазында бетибиз кургап, түлөп, так түшүп бизге ыңгайсыздык жаратат. Мындайда бетке туура кам көрүү керек. Эрте менен жана кечинде бетти тазалоочу каражаттар менен тазалап, беттин терисине жараша бет майларды колдонуу зарыл.

- Эртең менен эмне кылуу керек?

- Бетиңизди жылуу суу менен жууп алгандан кийин териңизди тоник менен сүртүңүз. Тоник теридеги кирлерди кетирип, терини крем сүйкөөгө даярдайт. Тазалоонун бул этабында аны энергетикалык массаж менен бирге жасаса пайдалуураак болот. Ал үчүн тоник куюлган ватаны көздүн ички жагынан сыртына карай, андан кийин параллель боюнча төмөнкү жакты, тагыраак айтканда, мурун кырынан кулактын артына карай жакшылап укалаңыз. Чекени ортосунан четине карай, ээкти төмөндөн жогору карай вата менен массаж жасап сүртүңүз. Бул тердөөнү азайтат жана териге кошумча тонус берет.

- Күндүз эмне кылуу керек?

- Эгер сиз күнү бою макияж сүйкөп жүрсөңүз, териге кир нерселер терең кирбейт. Эгер сиз макияж жасабасаңыз, кечке чейин кир жыйналып калбаш үчүн терини эки жолу тазалап алган оң. Ал үчүн бетиңизди жылуу суу менен чайкап, андан кийин жумшак сүрткү менен сууну сиңирип алыңыз (бетиңизди сүлгү менен катуу жышып сүртпөңүз).

- Кечинде эмне кылуу керек?

- Кечкисин жакшылап тазалоо керек. Макияжды атайы курал менен сүртүңүз. Андан кийин массаж жасап, гель же көбүкчө (пенка) менен жууңуз. Бет жууган курал тандаганда көбүкчөнүн түрүн алсаңыз болот. Алар териге жакшы таасир берип, тез жуулат. Көздүн айланасын мицеллярдык суу менен тазалап, андан кийин гана беттин башка бөлүктөрүн жууган туура болот. Жумасына бир же эки жолу териге "мончо күнүн" жарыялаңыз. Ал үчүн терини бир аз бууга тосуп, кургак терилер үчүн скраб колдонуңуз. Скрабдан кийин тоник менен сүртүп, нымдаштыруучу крем сүйкөңүз.

- Күндөн коргоочу бет майларды кантип туура тандоо керек?

Күндөн коргоочу кремдер бетибизди "альфа" жана "бета" нурларынан сактайт. Эки нур тең беттин терисинин бат картаюусуна алып келет.

Бет майды сыртка чыгардан жок дегенде 15 мүнөт мурда коюп, анан гана чыгуу керек. Бизге spf 50 жогорку деңгээлде коргоочу бет май ылайыктуу болот. Айрымдар spf 20, 25, 50+ деп турса жаш курак көрсөтүлгөн экен деп колдонуудан баш тартышат. Бул туура эмес түшүнүк. Мисалы, spf 50 дегени — терини күндүн нурунан беш саат коргойт дегендик. Ал эми spf 30 болсо 3 саат коргойт.

- Беттин терисин кантип таза сактаса болот?

- Эӊ башкысы туура кам көрүү керек. Ар бир кыз өзүнүн бетинин терисинин тибин билиши зарыл жана ошого жараша бет майларды колдонуусу шарт. Ошол менен бирге бетти жуубай жатуу - эӊ чоӊ катачылык. Жуулбаган бет эс албайт, ага кислород жетпейт. Натыйжада тери кургап бырыштар түшүп, эрте картаюуга жол ачылат. Эгер адам өзү бетке туура кам көрүүнү билбесе косметологдордун жардамына кайрылса болот. Бетке туура кам көрүп, сапаттуу каражаттарды колдонсо эле жүзүбүз сулуу жана нурдуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан