Евровидениенин финалдык билеттери 36 мүнөттө сатылып бүттү

Ливерпулда май айында өтө турган Евровидение-2023 ыр сынагынын финалына билеттер 36 мүнөттө сатылып бүттү. Бул тууралуу сынактын уюштуруучулары билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Белгилүү болгондой, финалдын билеттери 200 доллардан 450 долларга чейин бааланды.

Былтыркы жылы сынак Италияда өтүп, аны украиналык топ жеңген. Бул ирет конкурс Украинада өтүшү керек болчу. Бирок согушка байланыштуу экинчи орунду ээлеген Англияда өтүп жатат.

Европа телерадиоберүү бирикмеси Евровидение сынагын 67 жылдан бери такай уюштуруп келатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан