Орусиялык блогер Илья Варламов Түркмөнстандын жарандыгын алды. Бул тууралуу блогер жеке баракчасына жарыялады.
"Эми бул жашыруун эмес. Бир нече жыл мурун мен адаттан тыш окуяга аралашып калдым. Бүгүн Стамбулдагы элчиликте Түркмөнстандын жарандыгын кабыл алып, акыры паспорт алдым. Алдыда татаал кадам жана көптөгөн кызыктуу контент күтүп турат", - деп жазды ал.