Талиева Тажикстандын кол салуусунда мүлкү тонолгондорго кенемте берилбей жатканын айтты

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Лейлек районунда былтыр сентябрда болгон чек ара жаңжалында үйү, бизнеси тонолгондорго мамлекет тарабынан кенемте берилбей жатканын билдирди.

Эл өкүлү "өкмөт бердик десе, жабыркаган жашоочулар албадык" деп жатканын белгиледи.

"Мага жүздөгөн каттар келип жатат, баарын өкмөткө жөнөтүп жатам. Кенемте маселесин чечип берсеңер. Үйү күйүп кеткендерге үй курулганы менен тонолгондордун маселеси каралбай калып жатат", - деди Талиева.

Ошондой эле ал Баткен облусуна өзгөчө макам берүү мыйзамынын аткарылышы жөнүндө өкмөттүн отчётун угууну сунуштады.

Жогорку Кеңеш 09.03.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан