Бүгүн, 9-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Ага ылайык, эми өлкөдөгү 15 калктуу конуш айыл категориясына киргизилет.
Алар:
Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Жетиген,
Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Ак-Тилек жана Умай-Эне,
Жалал-Абад шаарынын Кызыл-Суу-2,
Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын Сай-Бою,
Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Жаңы-Арык жана Кырк-Казык,
Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Биримдик,
Алай районунун Жошолу айыл аймагынын Кара-Токту,
Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагынын Достук,
Сары-Колот айыл аймагынын Бөрүлүк,
Ноокат районун Төөлөс айыл аймагынын Кара-Кечит,
Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат жана Боз-Ала,
Тоң районунун Тоң айыл аймагынын Ак-Булуң калктуу конуштары.