АКШда "Ruby Cruises" круиздик кемесинин бортунда белгисиз вирустун чыгышы катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ruby Princess круиздик кемесинин 284 жүргүнчүсү жана 34 экипаж мүчөсү белгисиз ичеги инфекциясын жуктуруп алган. Көпчүлүк бейтаптар кусуп, ичи өтүп жатат.
Учурда оору жуктуруп алган жүргүнчүлөр кабиналарда изоляцияланды. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун маалыматы боюнча, кемеде бардыгы болуп 2 миң 881 адам болгон. Башкача айтканда, ар бир он туристтин бири вирусту жуктуруп алган. АКШнын өзгөчө кырдаал башкармалыгы бул вирусту өтө жугуштуу болгон норовирус деп болжолдоп жатышат.
Учурда кеме Техас штатынын Галвестон шаарына келип токтоп, туристтер медициналык жардам күтүп жатышат.