Токмоктогу Яндекс чыры: Шаардык кеңештин депутаты кармалды

"Яндекс.Такси" өкүлдөрүн коркутканга шектелип Токмок шаардык кеңешинин депутаты кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 26-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Г.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 26-февраль күнү болжол менен саат 16:00дө өздөрүн Токмок шаардык администрациясынын өкүлү деп тааныштырган 6-7дей адам Токмок шаарында жайгашкан "Салтанат Кейжи" ЖЧКсынын кеңсесине уруксатсыз кирип, агрессивдүү түрдө кызматкерлердин бирин сыртка чыгарып, зомбулук көрсөтөрүн, кеңсесин өрттөп кетерин айтып коркутуп, шаардан чыгып кетүүгө мажбур кылганын билдирген.

Аталган факты Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, териштирүү үчүн Токмок шаардык милициясына жөнөтүлгөн.

Териштирүүнүн жүрүшүндө "Салтанат Кейжи" ЖЧКсынын кеңсесине келген белгисиз жарандар Яндекс Go’ такси кызматынын Токмок шаарында иштөөсүнө каршы чыгышкан. Алар кеңседе жана имаратта орнотулган жарнама баннерлерди тытып, зомбулук көрсөтүшкөн.

9-март күнү Токмок шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Ч.К. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тинтүү учурунда газотравматикалык тапанчанын октору табылды.

Учурда тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kich20
2023-03-10 12:24:00
Яндекс go такси кызматы бизде каттоого алынганбы негизи же жемкорлорду эле багып жатабызбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан