Коңшу Казакстандын Уральск шаарында судья жумуш ордунда каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, тергөө судьясы Нурлан Губашев бүгүн, 10-март күнү эртең менен жумуш ордунда каза болгон. Маркумдун денесинде зордук-зомбулуктун белгилери байкалган эмес.
Батыш Казакстан облусунун Саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматына караганда, окуя болгон жерге чакыруу саат 09:48де түшкөн. Анда 1968-жылы туулган судья кызмат учурунда капысынан деми кысылып, андан кийин эс-учун жоготуп жыгылган.
Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.