Режиссёр Марат Сарулунун коштошуу зыйнаты качан, кайда өтөрү маалым болду

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Сарулунун акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 11-мартта өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, коштошуу зыйнаты саат 10:00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

Кечээ режиссёрдун бул дүйнө менен кош айтышканы кабарланган.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу 1957-жылы 26-сентябрда Талас облусунда туулган.

Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетин аяктаган. 1984-жылы Москвада СССРдин эл артисти, режиссёр, сценарист Фёдор Савельевич Хитруктун мектебинен билим алган.

Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер бирликтеринин мүчөсү болгон.


.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан