Кыргыз Республикасынын эл артисти Марат Сарулу дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын эл артисти Марат Сарулу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу 1957-жылы 26-сентябрда Талас облусунда туулган.

Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетин аяктаган. 1984-жылы Москвада СССРдин эл артисти, режиссёр, сценарист Фёдор Савельевич Хитруктун мектебинен билим алган.

Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер бирликтеринин мүчөсү болгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан