Токмоктогу Яндекс чыры: Шаардык кеңештин депутаты эки айга камакка алынды

“Яндекс” таксинин кеңсесине кол салууга шектелип кармалган Токмок шаардык кеңешинин депутаты Ч.К. 6-майга чейин тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта SUPER.KG порталына Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Аламүдүн райондук соту аны 6-майга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды. Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренеси боюнча айыпталууда.

9-март күнү Токмок шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Ч.К. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарланган. Аны тинтүү учурунда газотравматикалык тапанчанын октору табылганы маалымдалган.

Билдирүүгө ылайык, 26-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Г.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 26-февраль күнү болжол менен саат 16:00дө өздөрүн Токмок шаардык администрациясынын өкүлү деп тааныштырган 6-7дей адам Токмок шаарында жайгашкан "Салтанат Кейжи" ЖЧКсынын кеңсесине уруксатсыз кирип, агрессивдүү түрдө кызматкерлердин бирин сыртка чыгарып, зомбулук көрсөтөрүн, кеңсесин өрттөп кетерин айтып коркутуп, шаардан чыгып кетүүгө мажбур кылганын билдирген.

Аталган факты Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, териштирүү үчүн Токмок шаардык милициясына жөнөтүлгөн.

Териштирүүнүн жүрүшүндө "Салтанат Кейжи" ЖЧКсынын кеңсесине келген белгисиз жарандар Яндекс Go’ такси кызматынын Токмок шаарында иштөөсүнө каршы чыгышкан. Алар кеңседе жана имаратта орнотулган жарнама баннерлерди тытып, зомбулук көрсөтүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан