Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Ага ылайык, иш сапарынын акыркы күнүндө Акылбек Жапаров жана делегация мүчөлөрү Самарканд шаарындагы “SAG AGRO” күнөскана комплексинин (“In-vitro” лабораториясы) жана жашылча-жемиштердин негизинде тамак-аш азыктарын чыгарган интенсивдүү багбанчылык боюнча “Agromir” кластеринин иши менен таанышты.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин башчысынын Өзбекстанга болгон иш сапары 8-мартта башталган.

Сапардын алкагында ал өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, анын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча 15тен ашуун документке кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан