Чүй облусундагы Кара-Жыгач айылынын тургуну, 72 жаштагы Нуска Майымбетова жер мыйзамындагы 27-пункттун жокко чыгарылышы боюнча өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.
Кайрылуусунда ал 27-пункттун жокко чыгарылышы жер саткандардын күнүн туудуруп жатканын, жер ээлери сыздап калып кетип жатканын белгилеп, анын үнүн эч ким укпай жатканын айтты.
"Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев, менин өзүмдүн 1 гектар үлүш жеримди Үпөл Мендигулова деген аял алып, өз билгендей сатып, акчасын бербей жатат. Анысы аз келгенсип менин калган жерлериме дагы кардарларына таш түшүрүп баштай бергиле деп жатыптыр. Ал кандай ээ болот менин жериме? Сотко кайрылсам кармашкан, анан эле кайра чыгарып жиберишиптир, акча берсе керек. Менден жерди алганына 5 жылдай болду, ошондон бери эле ана берем, мына берем деп созуп келди", - деп көзүнө жаш алды ал.
Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровдун буйругу жер мыйзамындагы 27-пункттун алынышы жер саткандардын күнүн туудуруп жатканын белгиледи.
"Алар өз билемдик менен эле үлүш жерди басып алып, сата берсе жакшыбы. Урматтуу президентибиз Садыр Жапарөв жана Камчыбек Ташиев ушуну акыйкат карап берип коюңуздарчы. Ал жерде жашагандарга каршылыгым деле жок", - деди Нуска Майымбетова.
Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров 5-мартта болгон Ак-Ордо жаңы конушунда эл менен жолугушууда министрлер кабинетинин “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 27-пунктун жокко чыгаруу тапшырмасын берген. Ал эми 7-мартта буга байланыштуу министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынганы маалым болгон.