Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлер кабинетинин “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 27-пункту жокко чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды.
“Мамлекет башчы 5-мартта Ак-Ордо жаңы конушуна күтүүсүз барган. Жергиликтүү тургундар менен болгон сүйлөшүүдө министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомунун 27-пункту жер амнистиясын толук ишке ашырууну бир топ татаалдаштырып жатканы белгилүү болгон. Жаңы конушка барып келгенден кийин президент бул маселени тез арада чечип, башка аймактарда да жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды”, - деп жазды Орунбеков.
Ошондой эле ал бардык жергиликтүү бийлик башчыларына мындан ары жарандар тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууларына жол бербөө тапшырмасы берилгенин белгиледи. Мындан сырткары президенттин тапшырмасын аткарууну кечеңдеткен жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады.
Эскерте кетсек, Бишкектин чет жакасындагы Ак-Ордо-3 конушунун М.Ш. аттуу тургунунун үйү 1-мартта түрттүрүлүп, аял балдары менен көчөдө калган видео социалдык тармактарга тараган. Ал күндүн эртеси жерине бир топ жарандар чогулуп, үйсүз калган келинге бой үй тигип беришкен. Ошондой эле президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, балдары менен барар жери жок калган аял менен жолуккан. Президент күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.
Мындан сырткары Садыр Жапаров кечээ жер мунапысы мыйзамынын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, анда бул багытта канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алды.