Президент Садыр Жапаровго Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылды. Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт" деп жазган ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Ал эми мушташка катышкандардын бири депутат Жаныбек Абиров экендиги айтылып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени маалымдалган болчу.
Октябрь РИИБи Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун үстүнөн арыз түшкөнүн маалымдаган.