Акипресс маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкектеги кафелердин биринде мушташка катышканын жазды.
Андагы алдын-ала маалыматка караганда, ал кафенин коопсуздук кызматынын күзөтчүсүн сабаган.
Видеодон Бишкектеги кафелердин биринин жанында бир нече адам эки кишини арачалап жүргөнүн көрүүгө болот.
Жаныбек Абиров 11-мартта ошол кийим менен Жал кичи районундагы балдар аянтчасынын ачылышына катышкан.