Аксыдагы ооруканадан чыккан өрт: Алты ымыркай облустук бейтапканага которулду

Жалал-Абаддын Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан ооруканадан чыккан өрттөн эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жалпы дарыгерлер практикалык борборунун бир корпусунун чатыры толугу менен күйүп кеткен.

Ал эми бейтаптар башка бөлүмдөргө которулуп, өздөрүнүн оорусуна ылайык дарыланууну улантып жатканы кабарланды.

"Төрөт бөлүмүнөн жаңы төрөлгөн алты ымыркай Жалал-Абад облустук ооруканага которулду”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн, 13-мартта Аксы районунун Кербен шаарындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имаратында өрт чыккан.

ӨКМ өрт саат 11:10до чектөөгө алынып, толук саат 11:23тө өчүрүлгөнүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан