Жаныбек Абировдун катышуусундагы мушташ: Милиция жаңжалдын эки катышуучусун кармады

Бишкектеги ресторандардын биринин жанынан массалык мушташка катышканга шектүү катары эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-март күнү Д.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал Элебаев көчөсүндө түнкү саат 03:00 чамасында адамдар сабаганын билдирген. Жабырлануучу Улуттук госпиталга жеткирилген, ага баш мээнин жабык жаракаты деген диагноз коюлган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда бул кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган П.Э. жана 1987-жылы туулган А.Д. аттуу жарандар кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция иш боюнча бардык жагдайларды аныктоо жана башка тиешеси бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берүү боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Ал эми мушташка катышкандардын бири депутат Жаныбек Абиров экендиги айтылып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени маалымдалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан