Бишкектин мэрин эл шайлашы мүмкүн. Мыйзам долбоору тармактык комитетте колдоо тапты

Бүгүн, 14-мартта Бишкек шаарынын мэрин эл тарабынан түз шайлоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети жактырды.

Демилгечи депутаттар Жанар Акаев, Нилуфар Алимжанова, Фарходбек Алимжанов, Чыңгыз Айдарбеков, Азамат Исираилов, Гүлкан Молдобекова, Эмил Жамгырчиев.

Жыйында баяндама жасаган эл өкүлү Жанар Акаев мыйзам кабыл алынып калса калааны башкарууга көрүнүктүү, күчтүү адамдар келерин белгиледи.

"2020-жылдагы октябрь окуяларынан бери 8 мэр алмашыптыр. Борбор калаанын тургундары мэрдин атын жаттаганга жетишпей калып жатат. Мыйзам долбоорунун негизги максаты - шаардыктар калаа башчысын түз шайлашы керек. Мэр болчу адам чыгып өзүнүн программасын айтсын. Азыр конуштардагы үйлөрдүн документтерин бүтүрүүгө президент өзү баш болуп чуркап жүрөт. Түз шайлоо болсо талапкер шаарды бүт кыдырып, элге өнүктүрүү программасын айтат. Азыр андай жок, эки-үч гана кишинин көңүлүн алып мэр болушууда", - деди Акаев.
Ошондой эле ал министрлер кабинети демилгеге каршы пикирин билдиргенин, өкмөт мында туруктуулук болбой каларын, шайлоо өткөрүүгө кошумча каражат талап кылынарын жүйө келтиргенин айтып, алардын жүйөсү чындыкка дал келбей турганын белгиледи.
"Тескерисинче, азыр туруктуулук болбой жатпайбы. Эки жылда сегиз мэр алмаштырыптыр. Мыйзам долбоору кабыл алынса, азыр эле шайлап салбайбыз. Шаардык кеңештин мөөнөтү бүткөндө, депутаттарды шайлоо менен бирге уюштурулат. Мэрди шайлоо менен шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо бир күндө өтөт", - деди депутат.
Талкуу маалында эл өкүлү Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоорунда Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун жана кайра чакыртып алуунун жол-жоболору так көрсөтүлүшү керектигин, ошондой эле тиешелүү бардык мыйзамдар каралышы керектигин айтты. Депутат Мейкинбек Абдалиев Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарларга кирерин эске салып, Ош шаарынын да мэрин шайлоо маселесин кароо керектигин кошумчалады.
Жанар Акаев алгач Бишкектен баштап, акырындык менен башка шаарларга жайылтуу планы бар экенин билдирди. Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорун бир добуштан колдошту.
Белгилей кетсек, мурда шаар мэрлери жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан шайланып келген. 2021-жылы мыйзам өзгөртүлүп, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент, райондук маанидеги шаар башчыларын аким дайындап калды.
Жогорку Кеңеш 14.03.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан