Бийликтин Кумтөр боюнча кармалгандарды түрмөдө чиритейин деген ою жок. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
“Кумтөрдүн” мурдагы башкаруучусу, азыр камакта жаткан Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачарчылык жарыялады. Ал бул кадамын жолдошунун күнөөсү жоктугуна көңүл бурдуруу максаты менен түшүндүрдү. Ошондой эле Теңгиз Бөлтүрүктүн эч кандай айыбы жок экенин белгиледи. Негизи кандай болгонун айтып берсеңиз. Ал жакта алтын уурдаган фактылары болду беле?", - деген суроо берилген Садыр Жапаровго.
"Алтын жагынан эч ким бир грамм да уурдай албайт. Көзөмөл системасы жакшы коюлган. Бул жагынан канадалыктарга эң жогорку баа берсек болот. Ал эми акча жагынан уурулуктар болгон. Бул эми адамдык фактор. “Кумтөрдү” иштетиш үчүн күйүүчү май, автотетиктерди, алтын казып алууга керектүү шаймандарды сатып алышат. Жумушчуларды тамак менен камсыз кылууда азык-түлүк сатып алышат жана башка толтура кызмат көрсөтүүлөр болот. Ушул маселелерден акчалар уурдалган, пендечилик экен да. Мамлекет билбей калат дешсе керек. Жакшылап, көздү чоң ачып текшерсе, баары чыгат. Мен Теңгиз Бөлтүрүктү коюп жаткан күндөн баштап камалганга чейин: “Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан кубалап барат. Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште” деп какшап келгем.
Тилекке каршы, ушундай болду. Мен билгенден он чакты адам камакта. Азыр эми камалгандардын баары чыгымды ордуна коюп коюшсун. “Бир топ сумма кайтарылды” деп бир апта мурда башкы прокурор айтып атты эле. Толук кайтарып коюшсун. Андан кийин укук коргоо менен сот органдары үй камагына чыгаруу маселесин карашса керек? Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок", - деп жооп берген Жапаров.
Буга чейин Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялагандыгы кабарланган.