Москва шаарында 8-март күнү белгисиз адамдан атыр белекке алган кыз психикалык ооруканага түштү. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, Алина аттуу кыз тыгында турган маалда аны менен бир жигит таанышууга аракет кылган. Кыз баш тартканда жигит ага атыр белекке берип, кетип калган. Алина атырды колдонбостон жыттап гана койгон. Ал үйүнө жеткенде гана кызыктай боло баштаган.
Анын өзгөргөнүн туугандары байкаган. Ал көзүнө ит жетелеп жүргөн адамдар көрүнүп жатканын айта берген. Жыйынтыгында туугандары "Тез жардам" чакырып, кыз ооруканага жеткирилди.
Учурда укук коргоо органдары бул боюнча тергөө ишин баштады.