Үч жыл мурун жарыяланган эл аралык эпидемия быйыл аякташы мүмкүн. Мындай ишенимди Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди. Бул коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаалды жокко чыгарууга мүмкүндүк бере турганын ТАСС агенттиги ДССУнун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
"Ушул жылы кайсы бир учурда биз COVID-19 эл аралык деңгээлдеги коомдук саламаттыкты сактоонун өзгөчө кырдаалы жана пандемия катары аяктады деп айта алабыз деп ишенем", - деди Тедрос Гебрейюс.
11-мартта ДССУ биринчи жолу COVID-19 эпидемиясын кыска убакыттын ичинде дүйнөнүн басымдуу бөлүгүн каптаган эпидемия катары мүнөздөгөнүнө туура үч жыл болду.
ДССУ коронавирус пандемиясы тууралуу 2020-жылдын 11-мартында расмий жарыялаган болчу.