Садыр Жапаров Анкарага жетти. Президентти кандай тосуп алышты? (фото)

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Анкара шаарына келип конду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Мамлекет башчысынын учагы Анкара шаарындагы "Эсенбога" эл аралык аэропортуна келип конду.
Аэропорттун флагштокторуна Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын туулары илинип, ардак кароол тизилген.
Эске салсак, иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитинин жыйынына катышат.
Ошондой эле, сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу күтүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан