"Жусупбек Коргонбай уулу менен Алишер Козуев Ош облусунун башчысын сындаса, ал социалдык тармактан кайым айтышууда. Министр, губернаторлор, бул орун силердин чоң атаңардан калган мурас эмес. Колуңардан келбесе кеткиле! Депутаттар басып алган жериңерди, ресторан, мейманкана, саунаңарды айткандан кийин фейктерди жалдап алып депутаттар менен каяша айтышпай кеткиле. Иштей турган уул-кыздар бар да, кыргыздын уучу куру эмес", - деди Атазов.
Депутат Балбак Түлөбаев элди нааразы кылган башчылардын эч кимге кереги жок экенин айтып, өкмөттөн бул маселеге карата реакция кылышын талап кылды.
"Былтыр Өзгөн районунан бир кат түшкөн. Ал арызды мен бардык жерге жибергенде "соттун чечимин күтөлү" дешкен. Райондук да, облустук да соттун чечими чыкты. Аны аткарбай жатат. Бул Оштун губернатору соттун чечимине баш ийеби же баш ийбейби? Азыр дагы бир арыз түшүптүр көмүр кени боюнча ызы-чуу болуп жатат деп. Эгер эл айтып жатса, губернаторлор соттун чечимин аткарбай жатса, андай губернатордун кимге кереги бар?! Күндө ызы-чуу, арыздар келип жатат. Кичине реакция кылбайсыңарбы же сөзсүз түрдө жарылыш керекпи? Бул кызмат ага атасынан калганбы? Буга бир чечим кабыл алыш керек да. Иштей албаса, ордун бошотуп башка жакка өтө бербейби, башка жигиттер келип иштейт да. Урматтуу өкмөт, бул сиздердин бетиңерге түздөн-түз түкүрүк да", - деди Түлөбаев.

Ал эми Надира Нарматова облус башчынын жооп кайтарганын "кой өлгүсү келсе койчумандын таягына сүйкөнөт" деп сыпаттады. Ошондой эле ал мурда депутат болуп кеткендерди парламент жөнүндө "диагноз" чыгарбай эле коюуга чакырып, ким кандай иштеп кеткенине тарых баа берерин белгиледи.
"Чындык ачуу болот, ушунтип чычалатат. Ак болсо унчукпай отуруп, мыйзам чегинде такташып алса болмок. Ал киши серең этип чыга калгыдай жаш бала эмес. Мени жакшы билесиздер, ким болбосун акыйкат үчүн тигимден туруп, эркекче мамиле жасайм. Анан туура эмес нерсеге мен чыдай албайм. Ал жөндөн-жөн жалаа жапканга акысы жок. Зиядин Жамалдиновду кызмат абалынан пайдаланган коррупционер деп ойлоп жүрдүм эле. Көрсө ал жалганчы, кырына чыккан аферист экен. Мен Ноокаттан бир сантиметр жер же бир кароолчуну жумушка алууну суранган жокмун. Эмнеге антип жалаа жабат? Мен ал жөнүндө айта турган болсом, фактылар толтура. Президент ишенип кызматка койсо, аны кайра уят кылып жатат", - деди Нарматова.
Ошондой эле депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин кечээ күнкү жыйынында Жамалдиновдон кызмат эмес, бир кап буудай дагы сурабаганын айткан болчу.
Белгилей кетсек, Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп 2021-жылдын июль айынан бери иштеп келе жатат.