Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин кармалышы: Саламаттыкты сактоо министри үн катты

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө министр көптөгөн эскертүүлөргө жана көрсөтмөлөргө карабастан, медициналык кызматкерлер тараптан медициналык кызмат көрсөтүү үчүн акча талап кылуу фактылары боюнча даттануулар ар дайым түшүп жатканын белгиледи.
"Тилекке каршы, өткөн күнү биз саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси катышкан жагдайга күбө болдук. Албетте, бир нерсе деп айтууга эрте, буга тергөө жана компетенттүү органдар чекит коёт", - деген министр.
Кечээ, 16-мартта УКМК Улуттук госпиталдын башкы дарыгери М.Т. аттуу жаран кармалганын билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан