Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кармалды (видео)

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери М.Т. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ал дарыгер калктын социалдык жактан аялуу катмарынын укуктарын чектеген жана жеңилдиктерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан ар кандай коррупциялык схемаларды түзүүгө, үзгүлтүксүз опузалоо, тендер өткөрүүдө акчаны кайтарып алуу, жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алуулар, дары-дармектерди жасалма эсептен чыгаруу сыяктуу аракеттерге айыпталууда.

Мындай фактылардын 20дан ашык учурлары катталганы айтылды.

"2022-жылдын октябрь айында иммуномодуляциялоочу дары-дармектерди (төмөн жана жогорку дозада интерферон, окрелизумаб жана ритуксимаб) жеткирүү боюнча тендердин жыйынтыгында жеңүүчү компания ашыкча баада жеткирилген, анын натыйжасында бюджет 36 миллион 205 миң 791 сом зыян тарткан", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, 2022-жылдын май айында дары-дармектерди: милдронат, пропофол жана магний сульфаты, ошондой эле 25 миллион 510 миң 700 сомго медициналык кол каптарды сатып алууда мыйзамсыз келишим түзүү жолу менен бир булактан сатып алуу ыкмасы колдонулган. Муну менен бюджетке 11 миллион 723 миң сом зыян келтирилген.

Стерилдүү эмес медициналык кол каптардын бир пакетинин базардагы чекене баасы 500 сомдон ашпайт, ал эми министрлик аларды бир пакетке 1200 сомдон, 5 миллион 356 миң сомго сатып алган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жылдык бюджети донордук жана гранттык каражаттарды кошпогондо 700 миллион сомдон ашык. Анын ичинен 370 миллион сому дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды (дарылар, протездер, рентген/ультра үн аппараттары) сатып алууга, ошондой эле учурдагы керектөөлөргө жумшалат.

Атайын кызматтын текшерүүсү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө жана 40 миллион сомдон ашкан зыянды аныктады.

Учурда башка коррупциялык фактыларды, жогоруда аталган схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан