"Ата, өлүп баратам, мени менен коштош деп айт". Өзбекстанда күйөөсү менен уруша кеткен аялы балдарын кыйнады (видео)

Коңшу Өзбекстанда 23 жаштагы эне өзүнүн балдарын кыйнап жаткандагы видеосун тартып алды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча видео Самарканд облусунун Каттакурган районунун Андок айылында тартылган.

Анда келин балдарын кыйнап, бир баласын камерага каратып алып "Ата, мен өлүп баратам, мени менен коштош деп айт", - деп кыйнап жатканы көрүнөт.

Экинчи баласын дагы ал кекиртегинен алып, аны дагы кыйнады.

"Мен сенин балдарыңды ушинтип өлтүрөм. Мына, мен аларды таштабайм, өлтүрөм, жанын алам", - деди келин.

23 жаштагы келин бул видеону Орусияда иштеп жүргөн күйөөсү менен уруша кеткенден кийин тартып, күйөөсүнө жөнөткөн.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат. Кылмыш иши козголду, келин 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Өзбекстанда күйөөсү менен уруша кеткен аялы балдарын кыйнады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан