Ишемби күнү, 18-мартта Эквадордо күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жер титирөөдөн 13 адам каза болуп, 126 адам жаракат алган. Пуна аралында 10го жакын үй талкаланган. Башка маалыматтарга караганда, аймакта 50 үй жана 17 билим берүү мекемеси жабыркаган. Жергиликтүү тургундар жер титирөө катуу болгонун белгилешүүдө.
Учурда Эквадордун бир нече аймагында электр жарыгы жок. Куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат.