"Туулган күнүмө кыйын күндө жанымда болгон адамдарды гана чакырдым" дейт ырчы Асел Кадырбекова

Кечээ, 19-мартта ырчы Асел Кадырбекова 32 жашка чыкты. Ырчы айым туулган күнүн биринчи жолу өзү уюштурганын айтат.

"Буга чейин өздүк майрамымды такыр өзүм уюштурчу эмесмин. Бул ирет туулган күнүмө кыйынчылык башыма түшкөн кезде колдоо көрсөткөн жакын адамдарды чакырдым. Мурун 1 жашка карып жатам, эмнеге майрамдамак элем?" деген ойдо болчумун. Ал эми азыр болсо, "туулган күнүмдү жыл сайын жакшы маанайда өткөрөм" деген чечим чыгардым. Ал эми кимден эмне белек алганым сыр болсун", - дейт ал.

Асел Кадырбекова 1991-жылы 19-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда төрөлгөн. Ош облусундагы финансы-юридикалык колледжин аяктап, ОшМУдагы юридикалык факультетке тапшырган.

16 жашынан тарта шоу-бизнес тармагына аралашып, 2010-жылы “Кыргыз кыздары” аттуу ыры менен чоң сахнага чыккан. Ал ырчылык менен гана чектелбей, “Сүйүүнүн керемети”, “Мандарин” тасмаларында роль жаратып, актриса катары өзүн сынап көргөн.

Асел Кадырбекованын репертуарында “Жан кызым”, “Жаныңда болсом дейм”, “Апакем”, “Өмүр белек”, “Жалган” аталышындагы ырлары бар.

Эскерте кетсек, ырчы айым 2018-жылы 25-апрелде ырчы Нурлан Насипке турмушка чыгып, 2019-жылы 27-мартта Дария аттуу кыздуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан