Ырчы Асел Кадырбекова кыздуу болду (толукталды)

Ырчы Асел Кадырбекова 27-мартта кыздуу болду. Ымыркай кечки саат 9 чамасында жарык дүйнөгө келген.

Асел Кадырбекованын апасы Дилбар Монокбаеванын билдиришинче, учурда эне-баланын ден соолугу жакшы.

"Кызымдын төрөтү жеңил болуптур. Ал өзү да күчтүү, чыдамкай эмеспи. Азыр акушер, гинекологдор "Асел аябай кыйын кыз экен" деп баа берип жатышат. Неберемдин бою 52 сантиметр, салмагы 3 килограмм 500 грамм болуп төрөлдү, азыр экөөнүн тең ден соолугу жакшы. Кудайга шүгүр, алгачкы неберем болгон үчүн дагы деле толкунданганым басылбай жатат", - деди ал.

Ошондой эле наристеге чоң атасы менен чоң апасы ысым коё тургандыгын жана учурда ат тандала электигин кошумчалады.

Асел Кадырбекова 28 жашта. Ал 2018-жылы ырчы Нурлан Насипке турмушка чыккан.

“Жашоомдун эң бактылуу мүнөттөрүн өткөрүп жатам”. Асел Кадырбекова көз жарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Mur-Naz
2019-03-28 04:14:29
Бешик боосу бек болсун ыймандуу Эл керегине жараган кыздан болсун оомин
+1
elmira.
2019-03-28 06:27:23
Кызынын омурун берсин!
0
Samina007
2019-03-28 07:33:28
Ошондо тогуз ай болдубууу деген ой келет
-5
karakozum
2019-03-28 07:45:30
Samina007, оюнар жаман э адамзаты, экоо былтыр 25-апрелде уйлонгон, 11 ай болду уйлонгонуно эсинди жый дагы жаман ойдон алыс бол
+10
NURSAPAR
2019-03-28 08:12:27
Не колу менен жасаппы,Нурлан кайда экен . Бешик бооңор бек болсун, өмүрү узун болсун.
+5
elmira.
2019-03-28 08:39:48
Суйуктуусуно турмушка чыккан деп Нурланды ого эле тергейсинерго инфо,башка убакытта ушактарды ырбатып,козутуп мурункуларында,эске салсак Эшмат менен Ташмат мурун ушундай болгон эле деп мурункусун да кошо жазасынар,кызынын омурун берсин!...Комент.жазсам не очуросун админ?
+13
PogbaGard
2019-03-28 09:18:59
Супер Инфону жарат эми
+1
bek_tash
2019-03-28 09:49:48
Айдананын тою ээми бүтүп атканда...
+5
begim1002
2019-03-28 10:28:24
Нурлан Насип кыздуу болду десенер болмок. Абадан тороп алгандай жазыпсынарго
+5
Nurik1988
2019-03-28 11:00:13
Жараткан Алла омуру менен берген болсун
0
bond02
2019-03-28 11:11:07
Учурдан пайдаланып мактай кетиптир да апасы. Нурлан экоо кыздуу болду да ошондо ээ.
0
Margana93-
2019-03-28 11:44:05
Бактылук таалайлуу омурлуу кыз болсун
0
makesh1992
2019-03-28 11:44:42
Нурлан Насипти кыздуу болушу менен куттуктайм.кудай омурун берсин!
+3
Farhat25
2019-03-28 13:32:40
Кош жылдыздар Нурлан Насип жана Асель Кадырбекова кыздуу болду деп жазсанар болмок. Нурланга обидно болсо керек.
+4
Aikaaaa
2019-03-28 14:45:55
Farhat25,жылдызын кошпосо болбойт дегиле
+3
Alixan-Nookat.2015
2019-03-28 15:42:36
Бешик боо бек болсун өмүрү узун, ыймандуу кыздардан болуп чоңойсун.
0
Aijan2905
2019-03-28 19:32:19
Нурлан Насип куттуктайм! Кызындын бешик боосу бекем,омуру менен болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан