Биз социалдык тармакта

Пакистанда кечээги жер титирөөдөн эки адам каза болду

Очогу Ооганстанда жайгашкан 6,8 баллдык жер титирөөдөн Пакистанда эки адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында чатырлар, дубалдар жана үйлөр урап, эки киши каза болуп, жүздөн ашык жаран жаракат алды. Облустагы дагы сегиз үй жарым-жартылай зыянга учураган.

Күбөлөрдүн айтымында, кеминде 30 секундага созулган катуу жер титирөө Пакистандын көп бөлүгүндө сезилген.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-мартта Ооганстанда магнитудасы 6,5ке жеткен жер титирөө катталган. Силкинүү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында дагы сезилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан