"Шырдак" арт-долбоору Японияда өткөн визуалдык медиа фестивалынын финалдык тизмесине кирди

Шырдак арт-долбоору Японияда өтүүчү Жаштардын визуалдык медиа фестивалынын тандоо тизмесине кирди. Бул тууралуу "Интерньюс" кабарлады.

Маалымдалгандай, “Мейходо” визуалдык медианын V Эл аралык жаштар фестивалына Кыргызстандан үч кыска метраждуу тасма тандалып алынган.

Алар: “Сураган адам” көркөм фильми, "Почтачы” жана “Шырдак” даректүү тасмалары.

Алар Интерньюстун Кыргызстандагы "Media-K" долбоорунун социалдык маанилүү контентти даярдоонун алкагында гранттык негизде түзүлгөн.

Жыйынтыгында "Шырдак" финалдык тизмеге кирди . Ошол эле учурда аталган эмгек "Эң мыкты тасма" номинациясында баш байге үчүн ат салышат.

Фестиваль 19-28-апрель аралыгында өтөт.

Жыйынтыгы 28-апрелде Япониянын Фукуока шаарындагы Кюсю аралында өтө турган сыйлык тапшыруу аземинде чыгарылат.

Бул иш-чара билим жана санариптик көркөм баяндоо жана жаратуунун чегин кеңейткен долбоорлордо кызматташуу үчүн тармактык адистерди, жаратуучуларды жана инноваторлорду бириктирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан