Казакстанда парламентке өтпөй калган талапкерлер шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти. Алар Алматы, Чымкент, Орол жана Караганды шаарларында добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты.
Мажилис менен маслихатка өтпөй калган талапкерлер шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда. Алар шайлоону кайрадан өткөрүү керек деп эсептешет.
Көз карандысыз шайлоочулар шайлоо учурунда бюллетендерди жапырт таштоо, протоколдордун жыйынтыгын бурмалоо учурлары катталганын маалымдашты.
Казак бийлиги байкоочулардын назарын бурган мыйзам бузуулардын айрымдарын мойнуна алып, бирок бул добуш берүүнүн жыйынтыгына олуттуу таасирин тийгизбегенин белгиледи.
Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо 19-мартта өткөн. Ага көп жылдардан бери биринчи жолу өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер да катышкан.
Дүйшөмбү күнү Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жыйынтыкты жарыялап, бийликтеги “Аманат” партиясы мажилистеги көпчүлүк орунду алганын билдирди.